Жолугушуу БУУнун өнүктүрүү долбоорунун “Аялдардын мамлекеттик кызматтагы жана саясаттагы ийгиликтери” программасынын алкагында уюштурулууда. Бул жолугушууда кинотасмалардагы аялдардын сүрөттөлүшү жана анын коомго таасири талкууланат. Талкууга мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, ишкерлер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери чакырылган. Долбоордун алкагындагы биринчи жолугушууда аялдардын жарнактарда таңууланган бейнеси талкууланган. (BuS)