Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Курултай өткөрүүгө оппозицияга имарат берилген жок


“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ар кандай шылтоолор менен бийлик курултай өткөрүүгө оппозицияга имарат берүүдөн баш тартты. “Акыйкат үчүн” кыймыл алгач Кожомкул атындагы спорт сарайды сурап, ал жерде 29-ноябрда курултай өткөрүүнү белгилеген. Бирок грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт деген себеп менен спорт сарайы берилген эмес. Андан кийин Токтогул Сатылганов атындагы улттук филармония, Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театр жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын имараты суралган. Бирок бийлик өкүлдөрү имарат берүүдөн баш тарткан. Оппозициялык күчтөр курултай өткөрүүнүн ордун аныктоонун үстүнөн ишти улантууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG