Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

“Түндүкэлектро” саттыкка коюлду


Аны менен кошо “Бишкекжылуулуктармактар” жана Бишкек жылуулук борбору саттыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Түндүкэлектро” менен “Бишкекжылуулуктармактар” акционердик коомунун 71% акциясы саттыкка чыгарылды. Анын ичинде “Түндүкэлектро” 137 миллион доллар, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасы 48 миллион доллар, ал эми Бишкек жылуулук борбору 314 миллион доллар деп бааланды. Бул ишканаларды сатып алууну каалаган кардарлардан арыз 27-январга чейин кабыл алынат. Андан кийин Сүйөркул Бакиров башында турган комиссия инвесторлордун берген арыздарын, шарттарын иликтөөгө ала баштайт. Өкмөттүн чечими менен бул үч стратегиялык обьект саттыкка бириктирилип коюлууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG