Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

К.Кабилованын видеокайрылуусу боюнча кылмыш иши токтотулду


Башкы прокуратура БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү токтотту. Айрым маалымат булактары билдиришкендей, тергөө иштери жабырлануучу Клара Кабилованын кайсы жерде экенин аныкталбагандыгына жана ал көрсөтмө берүү үчүн прокуратура менен байланышка чыкпагандыгына байланыштуу токтотулду. Бирок мындай маалыматты башкы прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиев тастыктаган жок. Белгилүү болгондой, Кабилова өзүнүн видеокайрылуусунда президенттин уулу Максим Бакиев аны коркутуп-үркүтүп жатканын, өмүрүнө коркунуч туулгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан. Кабилова айым өлкөдөн 25-сентябрда чыгып кеткен, ал эми анын кайрылуусу коомчулукка 26-сентябрда оппозиция тарабынан ачыкталган. (MSu)

XS
SM
MD
LG