Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Жалал-Абат облусунда каракчыларды издөө улантылууда


Каракчыларды издөөгө тартип сакчыларынан тышкары улуттук коопсуздук жана прокуратура адистери да киришти. Ош-Бишкек жолундагы Жалал-Абат, Сузак аймактарындагы жол туш тарабынан тосулуп, шектүү автоунаалар текшерилүүдө. Мындай жагдайга ишемби күнү беткап кийген бейтааныш сегиз адамдын белгилүү ишкер Азам Ирсалиевдин үйүнө курал менен кол салуусу себеп болду. Алар анын үй-бүлөсүн жертөлөгө камап, үйүн тинтишкен. Ишкердин автоунаачан келген айдоочусу менен уулун бутка атып, жарадар кылышкан. Жардамга чуркап чыккан коңшусун атып өлтүрүшкөн. Кийин Ирсалиевге караштуу автоунаа менен белгисиз жакка качып кетишкен. Облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматы азырынча алар кармала электигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG