Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Казак жазуучулары Айтматовдун кечесин өткөрөт


Казакстандагы жазуучулар союзу кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин 12-декабрда Алматада уюштурмакчы. 25-декабрда Мухтар Ауэзов атындагы драма театрда Ч. Айтматовдун чыгармасына жазылган “Көктөбөдөгү жолугушуу” аттуу спекталь көрсөтүлөт. Бул тууралуу казак Маданият жана маалымат министри Мухтар Кул-Мухаммед Казакстандагы кыргыз элчиси Жаныш Рүстөнбеков менен жолукканда билдирди. М. Кул-Мухаммад аталган министрлик жакында Ч. Айтматовдун китеби чыгарылганы жатканын, улуу жазуучунун “Кош бол, Гүлсары” аттуу чыгармасына тартылган тасма декабрда жалпы казак коомчулугуна тартууланарын маалымдады. Тышкы иштер министрлиги кабарлангандай, бул жолугушууда жалпысынан эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жаатта кызматташуусун өнүктүрүү маселелелери талкууга алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG