Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Социалдык фонддун келерки жылга бюджети каралууда


Фонддун төрагасы Марат Султанов Социалдык фонддун киреше бюджети 11 миллиард 514 миллион сом өлчөмүндө белгиленип жатканын, бул 2008-жылга караганда 1 миллиард 667 миллион сомго көп экенин парламентте билдирди. Пенсияларды көтөрүүгө, кошумча төлөмдөргө 971 миллион, энергетика тармагындагы кымбаттоолорду компенсациялоо үчүн 600 миллион сом бөлүнөт. Пенсионерлердин саны болсо жыл сайын өсүүдө. Быйылкы жылы пенсионерлер саны 535 миң болсо, келерки жылы 542 миң кишиге жетет. Соцфонддун өзүнүн кызматкерлерин каржылоого 308 миллион сом жумшалат. Марат Султановдун маалыматынан кийин депутаттар бюджетти талкуулай башташты. (AiT)

XS
SM
MD
LG