Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Кыргызстандагы коррупция жагдайы талданат


Эртең Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик паракорчулук менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата талкуу өткөрөт. Жыйынга аталган агенттиктин, президент жана өкмөт администрациясынын, министрликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Талкуунун жүрүшүндө коррупция менен күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясынын алкагында жасалган иш-аракеттердин жыйынтыгы чыгарылмакчы. Коорупциянын алдын алуу боюнча улутук агенттиктен билдиргендей, мекемелер арасында бул терс көрүнүшкө каршы бирге иш-аракеттерди көрүү жана кызматташуу боюнча негизги багыттар белгиленмекчи. Эл аралык уюмдардын паракорчулуктун деңгээлин иликтеген баяндамаларына ылайык, Кыргызстан коррупция менен эң начар күрөшкөн мамлекеттердин катарында турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG