Мындай маалыматты тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү Асылбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, учурда эмки жылдын октябрь айында өтүшү күтүлүп жаткан экинчи тоо саммитине даярдыктар көрүлүүдө. 11-декабрь - эл аралык Тоолор күнү экени белгилүү. Жыл сайын Кыргызстанда бул күнү түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келген. Асылбек Айдаралиев экинчи тоо саммитинде климаттык маселелер, тамак-аш кризиси, тоолуу аймакты өнүктүрүүнүн жаңы жолдору каралаарын белгиледи. Учурда бул иш-чаранын программасы Бириккен Улуттар уюмунун өкүлдөрү менен бирдикте иштелип жатат. (КЕ)