Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Элдик ревокомдун президентти кетирүү талабын Аксы эли колдоду


Бул тууралуу ревкомдун активдүү мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында Элдик революциялык комитет жыйын куруп, ага беш миңге чукул адам катышып, азыркы бийликти кетирүү маселеси көтөрүлдү.

- Бакиевге баш болгон бийликти колдойсуңарбы?-десек, "колдойм" деп акими дагы айта албай койду. Элдин бардыгы каршы чыкты. “Колдобойбуз” дешти. "Колдобосоңор Бакиевди оодарууга даярсыңарбы?"-десем, бүт бардыгы “оодарабыз эле, оодарабыз” деп, "аким дагы кетсин" деп кыйкырышты, - деди Топчубек Тургуналиев.

Ал эми Аксы районун акими Аскербек Алиевдин билдирүүсүнө караганда, Кара-Жыгач айылында бул күнү базар болуп, көпчүлүк эл базарлап келишкен. Революциялык комитеттин лидерлерин 50-60 киши активдүү колдогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG