Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 16:16

Ооганстандын полициясында радикалдуу реформалар башталат


Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар билдирди. “Азаттыкка” берген маегинде министр Атмар бир нече аптадан кийин ооган полициясынын жаңы жетекчилигин дайындай турганын кошумчалады. “Бардык ооган жарандары мыйзам алдында тең болушу керек жана реформаларды ишке ашырууда коррупция менен күрөш биринчи кадам болот” деди ички иштер министри. Мохаммад Ханиф Атмар министр болуп эки ай мурда дайындалган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG