Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Ооганстан полициясындагы коррупция өкмөткө ишенимди азайтууда


Бул тууралуу Эл аралык кризистик топтун жаңы билдирүүсүндө айтылат. Докладда алыскы аймактарда көптөгөн оогандар үчүн полициячылар ооган өкмөтүнүн жалгыз өкүлү болгону белгиленет. Эл аралык топтун маалыматына ылайык, полиция кылмыштын жүзүн ачуу үчүн пара талап кылган учурлар көп кездешет. Мындан сырткары ооган полициячылары кылмышты иликтөөнүн ордуна көп убактысын козголоңчулар менен күрөшкө сарптайт, деп айтылат бүгүн жарык көргөн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG