Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Жалал-Абатта мигранттардын көйгөйүн жеңилдетчү борбор ачык эшик күнүн өткөрдү


Дүйнөлүк кризиске жана кышка байланыштуу Орусияда иши токтогон эмгек мигранттары облуска кайтып келүүдө. Алар учурда облуста жумуш таба албай, Орусиянын жарандыгы барлар социалдык коргоодон четте калгандыгын, балдары тил жагынан кыйналганын билдиришкен. Жалал-Абатта 9 айда 1194 киши башка жакка иштөөгө кетсе, алардын 491и шаарга кайтып келген. Облустук жумушка жайгаштыруу башкармасы он айда 52200дөн ашык адам башка жакка жумуш издеп кеткени тууралуу маалымат алган. Еврокеңештин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү ачкан долбоорго ылайык, эмгек көчкүндөрү башка кесипти өздөштүрүүсү жана каалоосу боюнча шаардагы ишкана-мекемелерге ишке жиберилет. (YA)

XS
SM
MD
LG