Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Израил Газа секторунда ХАМАСка каршы кеңири согушка тартылды


Бул тууралуу бүгүн өлкө парламентиндеги сөзүндө Израилдин коргоо министри Эхуд Барак билдирди. Бул аралыкта Израилдин аба күчтөрү Газа секторунда ХАМАС кыймылына тиешелүү делген буталарга үчүнчү күн катары менен сокку урду. Израилдин айтымында, алардын чабуулу ХАМАСтын согушкерлерин ракета атуу жана жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга багытталган.

Палестиналык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Израилдин чабуулу башталгандан бери Газада 300дөн ашуун киши каза тапты, Улуттар уюмунун эсебинде, алардын кеминде 51 жөн –жай тургундар.

Ал эми Израилдин Ашкелон шаарчасында бүгүн палестин тараптан атылган ракетадан бир тургун каза тапты. Израил азыр Газа сектору менен чек арага танкттарын жайгаштырды, өкмөт кургактан болуучу ыктымал операцияга даярдык ирээтинде резервден 6000ден ашуун чакырууну чечти.

XS
SM
MD
LG