Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Оппозициячыл жаштар БЭКти колдоп жатышат


Бул туурасында "Жашылдар" партиясынын жаш канатынын лидери Каныбек Сарымсаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда азыр жаштарда жалындаган жүрөк бар, бирок тажрыйба жок. Ошондуктан алар саясий чөйрөдө көз жаздымда калып жатышат. "Буга чейин деле биз "Мен ишенбейм", "Жаштар kg" кыймылдарына кошулуп келгенбиз. Эми Бириккен элдик кыймылга биригели деп турабыз.Бул кыймылдын түзүлгөнү бийликтин "Оппозиция өзү бириге албай жатып, бийликтен бир нерсени талап кылат", деген оюна жооп болду деп эсептейм",-дейт Каныбек Сарымсаков. Буга чейин Бириккен элдик кыймылы түзүлөрдүн астында Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров оппозицияда жаштардын активдүүлүгү байкалбай жатканын баса белгилеген болчу.(AzK)

XS
SM
MD
LG