Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Азербайжан чет элдик радиолорду эфирден четтетти


Азербайжандын президенти Илхам Алиев
Азербайжандын президенти Илхам Алиев

Азербайжанда 1-январдан тартып чет элдик радиостанциялар эфирге чыгарылбайт. Өлкөнүн улуттук телерадио кеңеши ушундай чечим кабыл алды. Эл аралык уюмдар бийликтердин бул чечимин сынга алышты.

Улуттук телерадио кеңештин чечимине ылайык, баарыдан мурда “Азаттык”, ”Америка абазы”, Би-Би-Си радиолорунун программалары FM толкунунан алынат, алардын теледолбоорлору жергиликтүү каналдардан көрсөтүлбөйт. Булардан тышкары россиялык “Европа плюс” радиостанциясынын лицензиясы да узартылбайт.

Чет элдик каналдар өз берүүлөрүн сателлит, интернет жана кабелдик байланыш түйүндөрү аркылуу уктура алат. Улуттук толкундарга жергиликтүү радиостанциялар гана чыгарылат. “Мунун баары парламент кабыл алган мыйзамдардын талаптарына ылайык жасалды”, - деп түшүндүрдү телерадиокеңештин жетекчиси Нушираван Магерамли.

“Эркин Европа” жана “Азаттык” радиосунун президенти Жеффри Гедмин бул чечим баары үчүн, “өзгөчө Азербайжандын эли үчүн өкүнүчтүү иш болгонун” белгиледи. “Бу өлкөдө биз көз карандысыз,ишенимдүү жана так маалымат булагы катары таанымал элек, - деп айтты ал. – “Азаттыкты” эфирден алып салышканы өлкөнүн элин маанилүү маалымат ресурсунан ажыратуу дегенди билдирет, мындай ресурс калкка жарандык коомду түзүү ишине активдүү катышуу үчүн абдан зарыл болчу”.

Азербайжан бийликтеринин чечимин АКШнын мамлекеттик департаменти, Би-Би-Синин өкүлдөрү да сынга алды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти улуттук телерадио кеңешинин чечими баарыдан мурда өлкөдөгү көз карандысыз санаалуу журналисттерге салакасын тийгизет деп камтамаланат. Азербайжанда журналисттердин коопсуздугу жагынан абал өтө начарлап кетти. Эркин басылмаларга, алардын редакторлору менен кабарчыларына прокуратура бир катар кылмыш иштерин козгоду, журналисттердин көбү дале түрмөдө отурат. Жаңы жыл алдындагы чечимдин жардамы менен өкмөтчүл маанайдагы радиостанциялардын эфирдеги үстөмдүгү биротоло бекемделди.

Парижде жайгашкан “Чекарасыз кабарчылар” уюму өкмөткө бул чечимди өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылууну чечти. Болбосо, уюмдун өкүлү Элза Видал белгилегендей, Азербайжан совет мезгилиндеги жолойго түшүп кетиши мүмкүн. Ал кезде өз өлкөсүндө эмнелер болуп жатканын билүү үчүн калк чет элдик радиолорду кыска толкундан кармап укканга аргасыз болушкан.

Чет элдик радиолорду эфирден четтеткен бул чечим Азербайжанда марттагы референдумга даярдык көрүлүп жаткан учурда кабыл алынды. Элдик плебисцитке президенттин бийликтеги мөөнөтүн чектеген конституциялык норманы алып салуу маселеси коюлат. Ал калктын колдоосунан өткөн соң Илхам Алиев канча кааласа, ошончо жолу президент болуп шайланганга укук алат.

Бакулук саясий аналитик Илгар Мамедов Батыштын энергетика, мунай саясатына жана стратегиялык коопсуздук маселелерине байланыштуу кысымдан улам эл аралык көптөгөн демократиялык институттар Алиевге жана анын президенттигине колдоо көрсөтүп келатканын белгиледи. “Эгер дүйнөлүк коомчулук бул катаал диктатурага мамилесин өзгөртпөсө, Азербайжан республикадан жалгыз бир үй-бүлө башкарган монархияга айланышы мүмкүн”,-деп айтты ал “Азаттыкка”.

Башка бир байкоочулар Батыш кара майга көз каранды болуп турганда анын Азербайжандагы режимге тиши да, тили да өтпөйт дешет.
XS
SM
MD
LG