Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

"Кайрылман" программасы каражат бөлүнбөгөнүнө карабай ишке ашты


Чет өлкөдөн мекенине кайткан кыргыздар көбүнчө Чүйдө отурукташат. Айрым чүйлүктөр өкмөттү кайрылмандарды бул аймакка атайын жайгаштырып жатат, деп айыптап, четтен келген кыргыздарды жээригендер көп. Бул тууралуу Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитеттин иммиграциялык корунун башчысы Салтанат Бараканова “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, чет жерден көчүп келген кыргыздар мамлекеттин көрсөтмөсү жок өз алдынча отурукташат. Кыргыз өкмөтү 2006-жылы кайтып келген мекендештерге кол кабыш кылып, шарт түзүп берүү үчүн “Кайрылман” деген эки жылдык программа кабыл алган. Программаны ишке ашырууга акча бөлүнгөн эмес. Өкмөттүк эмес демөөрчү, колдоочулар менен "Кайрылман" 2008-жылы жакшы натыйжалар менен аяктады, дейт С. Бараканова. (EBM)

XS
SM
MD
LG