Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Жалал-Абат облусунда токойлорго кол салынууда


Суук түшүп, электр жарыгынынын өчкөндүгүнөн кыш камын көралбаган токой аймагындагы жарандар отун алууну күчөтүштү, деп билдирди облустук токой башкармасы Рустам Анарботоев. Анын айтымында, токойлуу айыл-кыштактарда 33 миңден ашык адам жашайт. Жаратылышка кыянаттыкты токтотуу үчүн ал калкка электр кубатынан пайдаланууда жеңилдик берип, социалдык коргоого алуу керек. Былтыр жаңгак уюлдарын уурдагандардын иши толук аягына чыга элек. Өткөн жылы 25 жаңгак уюлун кыйган деп шектелгендердин иши укук коргоо уюмдарына өткөрүлгөн. Алардын ичинен төртөө 8-6 жылдан соттолду. Калгандарынын иши эмне үчүн бүтпөй, токтоп турганы, жаңгактарды уурдагандарды кимдер калкалап, токойго кол салгандар тууралуу маалымат белгисиз деп айтты Рустам Анарботоев. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Зулум Жамашев Арстанбап, Кызыл-Үңкүр токойлорунда канаттуулар, дары чөптөр, баалуу дарактар сейректегендиктен аларды корукка алуу сунушу менен өкмөт жана Жогорку Кеңешке кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG