Өзгөртүү киргизүү демилгесин коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев көтөрүп чыкты. Ал өзгөрүүлөргө ылайык Кыргызстанга келе турган эмгек мигранттарына квотаны аныктоону парламенттен өкмөткө өткөрүп берүү каралган. Эмгек менен камсыздоо жана миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын маалыматы боюнча, өткөн жылы 11 миң эмгек мигранттын келишине квота берилген. Иш жүзүндө 8700 келип, алардан бюджетке 68 миллион сом түшкөн. Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков бул тармакта коррупция күчтүү экенин айтып, таза иштесе бюджетке 500 миллион сом киреше түшүрсө болоорун белгиледи. Депутат Абдырасаков Кытайдан келип жаткан эмгек миграциясына көңүл буруу зарылдыгын, эгерде ал жактан келип жаткан агым токтобосо 15 жылдын ичинде кытайлашып кетүү коркунучун эскертти. Ал ошондой эле акыркы жылдары 300 кыргыз кызы кытай улутундагы адамдарга турмушка чыкканын жана бул дагы өзүнчө коркунуч экенин белгиледи. Депутат Б.Бешимов Абдырасаковдун билдирүүсүн эки мамлекеттин мамилесине таасир этүүчү олуттуу маселе экенин айтып, ага өкмөт тараптан баа берилиш керектигин өкмөт өкүлүнөн талап кылды.(AiT)