Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Энергокомпанияларды сатып алууга арыздар 27-январга чейин кабыл алынат


Азыркы мезгилде конкурска катышууга кызыкдар болгон орус жана америкалык эки компаниядан арыз түштү. Кыргыз өкмөтү “Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана Бишкекжылуулуктармактар ишканаларын бириктирип саттыкка койгон. Аларды сатып алууга кызыкдар тараптардан арыздарды кабыл алуу 27-январда соңуна чыгат. Ал эми 27-январга чейин убакыт бар жана арыздар дагы түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Ал эми “Кыргызтелекомду” менчиктештирүү маселесине токтолгон Бакиров конкурстук комиссия берилген арыздарды иликтеп жатканын жана анын жыйынтыгы жакын арада жарыяланышы күтүлүп жатканын билдирди. “Кыргызтелеком” өткөн жылы саттыкка коюлуп, ага алты компания катышкан.Компания 1 миллиард 628 миллион сом деп бааланган.(AiT)





XS
SM
MD
LG