Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Жакынкы Чыгышка чукул арада чабарман жөнөтүлөт


Жаңыдан эле Жакынкы Чыгышка чабарман болуп дайындалган Жорж Митчел Газа тилкесинде жаатташкан тараптар ортосундагы элдешүүнү бекемдөө үчүн бул аймакка чукул арада жөнөп кетет. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама билдирди. Митчел 1998-жылы Түндүк Ирландиядагы жаңжалды жөнгө салууда маанилүү ролду ойногон. Мындан сырткары Обама тажрыйбалуу дипломат Ричард Холбрукту Ооганстан жана Пакистанда өзүнүн чабарманы катары дайындады. АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Холбрук - Босниядагы согуштун аякташына негиз берген Дейтон макулдашууларынын архитекторлорунун бири.

XS
SM
MD
LG