Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Президент Курманбек Бакиев февраль айынын башында Москвага барат


Кыргыз президенти Москвада Евразия экономикалык шериктештигинин саммитине катышат. Бул саммиттин алкагында Курманбек Бакиев орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, 2 миллиард доллар насыя боюнча сүйлөшүү жүргүзмөкчү. Орус тарап Камбар-Ата ГЭСтерин курууга катышууга кызыкдар болуп турган. Бирок Дмитрий Медведев өткөн жумада Ташкенге жасаган сапары учурунда ири энергетикалык обьектерди курууда экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана коңшу мамлекеттер менен макулдашууну жактаарын билдирген.Ал эми Ташкен Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтерди куруу аракетине каршы болуп келатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG