Экономикалык рецессияга байланыштуу бульдозер жасаган "Кейтерпиллар" дүйнө жүзү боюнча 20 миң иш ордун жоюп жаткандыгын жарыялады. Мунун алдында Данияда электрондук жабдык чыгарган "Филипс" глобалдык керектөөнүн жайлашынан улам, 6 миң жумушчу ордун кыскартаарын маалымдаган. АйЭнЖи банк тобу 7 миң кызматкерди кетирет. АйЭнЖини сактап калууга Даниянын өкмөтү былтыр күздө 10 миллиард евро бөлгөн.