Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө даяр


Бул карызды Орусия “Дастан” ишканасынын 48% акциясынын ордуна кечүүдө. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев менен Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен Энергетика министри Сергей Шматконун бүгүнкү Бишкек жолугушуусунда сөз болду. Ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинин Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан имаратында Россиянын Кыргызстандагы Маданий борбору ачылмай болду.

Жолугушууда Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна 1,7 млрд. доллар инвестиция тартуу боюнча пикир алмашылып, анда каражатты курулушка Кыргыз өкмөттүн кепилдиги менен эмес, курулушка катыштыгы бар тараптардын бирдей энчилик кылуусунун негизинде салуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жолугушууда ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашуунун шарттары талкууланды. Президент Курманбек Бакиевдин февралдын башына күтүлүп жаткан Москва сапарына даярдалып жаткан бул макулдашуу Кыргызстанга 150 млн. доллар грант түрүндөгү кайтарымсыз жардамды, жылына 0,75% менен 40 жылга бериле турган 300 млн. доллар жеңилдетилген кредитти караштырып жатат. Бул кредит берилсе, аны кайтаруу жараянын 7 жылдан кийин гана баштаса болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Орусия убада кылып жаткан 2 млрд. доллардын шарттарын өкмөт башчы Игорь Чудинов 16-январда Москвада Орусия премьер министри Владимир Путин менен талкуулап келген.(BuS)

XS
SM
MD
LG