Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Америкалык жазуучу Жон Апдайк 76 жашында көз жумду


Жон Апдайк, 2004-жылы 30-ноябрдагы пресс-конференцияда
Жон Апдайк, 2004-жылы 30-ноябрдагы пресс-конференцияда

Пулицер сыйлыгынын ээси, америкалык жазуучу Жон Апдайк 76 жашында өпкө рагынан дүйнө салды. 1950-жылдардан тартып 50дөн ашык китеп жазган Апдайк адабий сөздүн нагыз чебери болгон. Романдардан тышкары, ал ыр, аңгеме, эссе жазып, адабият жана көркөм өнөр боюнча белгилүү сынчылардын бири саналган.

Анын чыгармаларында башкы каармандар байлар менен аткаминерлер эмес, шаарлардын чет-жакаларында жашаган орто америкалыктар эле.

Жон Апдайк Кошмо Штаттарында 20-кылымдын 30-жылдарынын башында, Улуу депрессиянын мезгилинде жарык дүйнөгө келген. Ошого жараша ал ортодон төмөн жашаган үй-бүлөнүн мүчөсү катары турмуш каатчылыгын да көрүп, илгери үмүткө жетеленип да жашады.

1940-жылдардагы согуштун мезгилинде америкалыктарды мекенчилдик бириктирген, ал эми 1950-жылдары согуштан кийин барчылык өкүм сүрдү. Дүрбөлөңдүү 1960-жылдары самтырак кийимчен жаштар көөнөрбөстөй көрүнгөн эски баалуулуктарды четке кагып, Вьетнам согушун токтотуу жана социалдык акыйкаттык талаптары менен чыкканда, мекенчилдик түшүнүгү тепсендиде калган.

Мындан кийинки жылдары Апдайкты кансыз согуштун суук илеби ичиркентти. Ал эми өмүрүнүн акыркы күндөрү ал Кошмо Штаттары эл аралык терроризм коркунучунун кучагында жашап жаткан бүгүнкү мезгилге туура келди.

Мына ушул оомал-төкмөл заманга карабастан, Апдайк карапайым америкалыктарга болгон ишенимин жоготкон жок. Турмуштун запкысын көргөн мусулман жигиттин жашоосун баяндаган "Террорист" деген 2006-жылдагы романы тууралуу айтып жатып, Апдайктын мындай дегени бар:

Мен америкалыктардын чыдамкай, чыйрактыгына терең ишенем. Менимче биз азыркы кыйынчылыктарды жеңип, кансыз согуштун мезгилиндегидей, коркуу сезими менен болсо да, жашаганга көнөбүз. Бул - бөлөкчө коркунуч, бирок жашоо ансыз деле улам өзгөрүп турат эмеспи, ошондуктан келечекти жүзүбүздөгү жылмайуу менен каршы алалы.

Мына ушундай оптимизми үчүн Апдайктын кесиптеши Норман Майлер "Апдайкты жазуучулук деген эмне экендигин билбеген окурмандардын жазуучусу" деп сынга алган.

Окурмандар жазуучулук деген эмне экендигин билбеген болушу мүмкүн, бирок алар Апдайктын китептерин сүйүп окушкан, ошондуктан анын романдарынын көбү көп окулган чыгармалардын тизмесинен түшкөн эмес.

"Коенек, кач", "Иствиг жез кемпирлери" деген сыяктуу чыгармаларында Жонн Апдайк америкалык шаарлардын чек-жакаларында жашаган адамдардын "улуттук ачыктыгын жана жаңы нерсени үйрөнүүгө даярдыгын, ошол эле мезгилде улуттук мүнөз болгон ойлоп тапкычтыгын" иликтеген.

Ал жашоо кызыгынын үстүрт жылтырагын сүрөттөө менен чектелбестен, короодогу тегиз кыркылган бактын көлөкөсүндөгү кайнаган сезимдерге да кызыккан. Бул өңдөнгөн өңүттө жазылган чыгармалар Апдайк интеллектуал, ойчул эмес, популист болгон дегендей сезим калтырышы мүмкүн. Бирок буга анын көп томдуу адабий сынын каршы койе алабыз, аларда жазуучуну башка калемгерлердин адабий таланттарын терең түшүнгөн адам болгондугун көрөбүз.

XS
SM
MD
LG