Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Акыйкатчы Исмаил Кочкаровдун өлүмү боюнча президентке кайрылат


Айыпкердин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгына таянып бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун ушундай билдирүү жасады. Комиссиянын иликтөөсүнө караганда Бишкек шаардык соту 12-январда бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алды деген негиз менен Исмаил Кочкаровду 9 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүм 10 күндөн кийин күчүнө кирмек. 13-январда Кочкаровдун жубайы акыйкатчыга кайрылып, күйөөсүнүн өмүрүнө коркунуч барын, №8 колонияга которууга кам көрүлүп жатканын билдирген. Мындай маалыматты учурунда Кочкаров мурда отурган №1 тергөө абагынын жетекчилиги төгүндөп, жакынкы аптада которулбайт деп акыйкатчыны ишендирген. Бирок 15-январда шаардык соттун макулдугу менен Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы айыпталуучуну Петровкадагы №8 колонияга жеткирген. 17-январдан 18-январга караган түнү ошол эле 8-колонияда киши өлтүрдү деп жаза өтөп жаткан эки айыпталуучу Исмаил Кочкаровду өлтүрүп коюшкан. Акыйкатчы комиссиянын иликтөөлөрүнүн негизинде Мамлекеттик жаза өтөө мекемелер башкармалыгы, Бишкек шаардык соту тиешелүү эрежелерди бузган деп президентке, парламентке, өкмөткө, коомчулукка кайрылмай болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG