Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Казак теңгесинин куну кетти


Казакстанда шаршемби күнү улуттук акча - теңгенин чет элдик негизги валюталарга карата алмашуу курсу бир заматта бери дегенде 25%га арзандады. Мунун алдында өлкөнүн Улуттук банкы теңгенин мурдагы курсу кармалбай турганын жарыялаган эле.

Казакстандын Улуттук банкы айрымдар "кара шаршемби" деп атоого үлгүрүшкөн 4-февралга чейин бир теңгенин АКШ долларына карата курсун 1 доллар - 120-122 теңгенин айланасында кармап келген эле. Шаршембиде Улуттук банк бул чектен кете турганын жарыялады.

Улуттук банктын төрагасы Григорий Марченко Алматыдагы маалымат жыйынында алмашуу курсу эми 1 доллар 150 теңгенин тегерегинде, же мындан 3-5% ары-бери жакта болот деп ырастаганы менен шаршемби күнү акча алмашуу жайларында америкалык 1 доллар 160-170, 1 евро 210-220 теңгеге чейин чыгып барды.

Казакстандын Улуттук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары Калым Байназаров "Азаттыкттын" кабарчысы менен маегинде теңгенин девальвациялануусу адистер үчүн күтүлгөн окуя экененин, бирок азыркы масштабы күтүлгөндөн чоң болгонун белгилөө менен Улуттук банк менен өкмөт чечиминин жүйөөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Теңгенин курсун кармап тура берүү биздин жыйнаган алтын – валюта корубузду жоготуу дегендик. Андыктан Улуттук банк, өкмөт бүгүн болбосо эртең ушундай чечимге келмек. Алар муну азыр жасап отуру.

Айткандай эле Улуттук банктын шаршембидеги билдирүүсүндө белгиленгендей, 2008-жылдын төртүнчү чейрегинен бери эле Казакстан теңгенин курсун кармоо үчүн 6 миллиард доллар акча короткон. Бул максатта быйыл январь айында эле 2,7 миллиард доллар сарптаган.

Улуттук банк да теңгенин курсу коё берилишине жүйөө болгон төрт себептин катарында мунай баасынын арзандашын, өлкөнүн алтын - валюта корун сактоону атады.

Адистер күткөнү менен теңгенин чукул нарксыздануусу казакстандыктардын көпчүлүгү үчүн күтүлбөгөн окуя болгондой. Улуттук банктын жарыясынан кийин өлкөнүн түштүк борбору Алматыда, башка аймактарда алмашуу жайлары, дүкөндөр ишин убактысынча токтотууга аргасыз болушкан.

Шаршемби күнү кечке жуук казак өкмөтүнүн Астанада өткөн селектордук жыйынында Улуттук банктын төрагасы Геннадий Марченко алар теңгенин америкалык долларга карата курсун 1 доллар – 150 теңгеден, башкача айтканда девальвацияны 25%дан ашырбасын кайрадан убада кылды.

Премьер-министр Карим Масимов болсо эл арасындагы дүрбөлөңдү басуу үчүн Астанадагы акча алмашуу жайларына өзү рейд жүргүзөрүн жарыялап, ушундай эле ишти аткарууну Алматынын шаар башчысына, облустардын акимдерине буюруду. Премьер-министр ошондой эле теңге девальвацияланганына карабай инфляция кармаларын, азык-түлүккө, биринчи кезекте керектелүүчү товарларга баа кымбаттабасын убада кылууда.

Анткен менен Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Калым Байназаровдун пикиринде, Казакстан азык-түлүктү да кошкондо эл керектөө керектүү товарлардын 60%ын сырттан ташырын эске алганда, алардын баасы кымбаттайт. Андыктан өкмөт социалдык чөйрөгө берүүчү көмөгүн кайра кароосу керек.

Казак теңгесинин девальвациялануусунан Кыргызстанга кандай таасир болот. Биз бул суроону экономика илимдеринин доктору, Кыргызстан-Түштүк Корея инвестициялык фондунун аткаруучу директору Жумакадыр Акенеевге жолдодук:

- Коңшу мамлекет болгондон кийин сөзсүз түрдө таасири тиет. Биз бир топ буюмдарды, өзгөчө күйүүчү май, башка керектүү нерселерди Казакстандан теңгеге алып, өзүбүздө сомго сатабыз. Алар теңгенин курсун коё бергенден бул сөзсүз түрдө Казакстанда инфляцияны көтөрөт. Теңгенин сомго карата курсу өзгөрөт, мындайча айтканда ылдыйлат. Биз Казакстандан алуучу товарлардын баасы жогорулайт.

Казакстанга чейин КМШ өлкөлөрү ичинен улуттук акчаларынын долларга карата курсу 20%дан 50%га чейин нарксыздануусуна Орусия, Украина, Беларус жол берген эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG