Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргызстандын кен байлыктары тегерек үстөлдө талкууланып жатат


Тегерек үстөлдү Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жерди пайдалануу комитети уюштуруп, талкууга “Жер казмалары жөнүндөгү” мыйзам долбоору чыгарылды. Анда башкы маселе катары Кыргызстандагы жер байлыктарын казуунун, пайдалануунун натыйжалуулугу талкууга алынууда. Мыйзам долбоору кен байлыктары бар жерге мамилени, жерди иштетүүгө уруксат берилчү документтерди жөнгө салуу максатын көздөйт. Тегерек үстөлдүн катышуучулары Кыргызстанда “Кумтөрдөн” башка кендердин иштери жансыз болуп жаткандыгын белгилешип, анын себептерин издөөдө. Тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, жарандык коомдун өкүлдөрү жана адистер катышып жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG