Жогорку кеңештин депутаты Ибрагим Жунусовдун айтуусунда, азыр мугалим болом деген жаштардын саны кескин кыскарып кеткен". Айрым жогорку окуу жайлар коммерциялык максатта эле абдан көп кесиптерди ачып жиберип жатышат. Мисалы, мурунку экономика боюнча факультети эле азыр 4-5ке бөлүнүп кетүүдө. Негизи алардын кереги жокторун кыскартуу керек. Алардын аты жакшы угулгандыктан студенттер ошол жакка ыктап жатышат ",-дейт ал. Ибрагим Жунусов азыр педагогика адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүү керектигин белгилейт. Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө, учурда мугалимдик багыт боюнча студенттер 30га жакын адистик боюнча билим алышат.(AzK)