Бул тууралуу Укук коргоочу Бурул Макенбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, муну өзгөчө медициналык камсыздоо тармагынан байкаса болот. “Бул иштер эми декларативдүү түрдө эле жүргүзүлүп келатат. Ал эми бюджетти карасак, мисалы быйылкы каржылоодо медицина тармагына кыйла аз өлчөмдө акча бөлүнгөн. Бул социалдык саясаттын арка кеткени”, - дейт Бурул Макенбаева.(AzK)