Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Быйыл эки кант заводу ишке кирет


Бул тууралуу КР президенти К. Бакиев бүгүн өлкөнү стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынында билдирди. Чүй облусундагы эки кант заводу кызылча иштетип аткан соң, башка жактан кумшекер сатып алуунун кереги жок, деп белгилеген президент Кыргызстандын өзүндө өндүрүлүп жаткан ундун ордуна дагы башка жактан ун сатып алууну токтотууга чакырды. Айыл чарбасы үчүн бөлүнгөн каражатты максаттуу жумшоону жана муну көзөмөлдөөнү тиешелүү жетекчилерге тапшыруу менен Курманбек Бакиев ун менен сүттүн баасы негизсиз кымбаттап жаткандыгын белгилеп кетти. Буга көзөмөл кылууну мамлекет башчы монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине дайындады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG