Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Париждеги укук коргоо уюму Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабатыр


Парижде жайгашкан Адам укугу боюнча эл аралык федерация жана анын мүчөсү болгон Адам укугу боюнча кыргыз комитети Кыргызстанда оппозициялык партиялардын мүчөлөрүнүнө каршы кылмыш иштеринин көп козголуп жатышына тынчсыздануу билдирди. Бийликтин мындай аракеттери оппозицияны басуу, деп эсептелерин эскертти. Кыргыз башкаруучуларын эл аралык мыйзамдын нормаларын аткарууга чакырды. Саясий партиялардын активисттерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кысмакка алууну токтотууга, адам укугун сактоого, акыйкат сот бийлигин камсыз кылууга үндөдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG