Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Иран: «Президентке келген каттар»


Режиссер Петр Лум
Режиссер Петр Лум

Чех-Канада кош жарандыгы бар Петр Лум - президент Махмуд Ахмединежад жөнүндөгү даректүү тасманын автору. Лум башка дагы 40 ирандык журналист менен чогуу Ахмединежадды коштоп төрт ирет Ирандын кыштактарын кыдырып, президентке кат жазган адамдар менен жолугушкан. Петр Лумга чейин бир да Батыштык журналистке мындай ишеним көрсөтүлгөн эмес.

Петр Лум «Президентке келген каттар» деген даректүү тасманын идеясын президент Ахмединежаддын кеңсесине өзү сунуш кылган. Режиссердун Ахмединежаддын эл сүйгөн популист саясатчы экенин ага келген каттар аркылуу чагылдырайын деген сунушу ага Иран президенти кыштак эли менен жолугушууга чыкканда аны коштоп жүргөн журналисттер тобуна кирүүсүнө жол ачкан.

Буга дейре Батыш журналистеринин Холокост, же Израил же ядролук программа боюнча Ахмединежаддын көз карашын сураган эсепсиз өтүнүчтөрү жоопсуз калтырылган. Режиссердун айтымында, ирандыктар бийликти сүйбөгөнүнө тасмадагы мына бул картина сонун далил болот: «Фильмдин аяк ченинде режимди жек көргөн жаштардын тобу коркпостон туруп түз эле камерага: "Көрдүңөрбү, бул эркин коом эмес. Цензура мурдакыдан да бетер болуп калды. Бул демократия эмес" деп айтышты».

Петр Лум чындап эле Ахмединежадды популист, элдин каалаганын сезе билген саясатчы деп эсептейт: "…Ахмединежад саясатчы катары өтө кыйын, ырасында эле ал популист саясатчы катары да абдан ийгиликтүү. Фильмде ал элдин арасына кирип барып, адамдарды кучактап жатканын, элге жакын экенин көрөсүз. Ахмединежаддын жанында күзөтчүлөрү болгону менен ал топтун ичинде жүрөт. Бул элге жагат".

Режиссердун сөзүнчө, эгерде президент Ахмединежад менен кездешүүгө келген адамдарды эркин койсо, алар өз пикирлерин ачык айтышмак. Катуу цензурага карабай, Петр Лум мына мындай кадрды тасмага түшүргөн: "Мен колумдан келгенин тарттым. Биз Кумда болгон кезде ажылдаган аялдардын тобу: «Биз АКШны жек көрөбүз. Биз өз Көсөмүбүздү сүйөбүз. Биз Ахмединежадды сүйөбүз.

Санкция менен ишибиз жок», деп кыйыкырып жатышты. Ошол аялдар: "Колубуз курук эмес. Курсагыбызга жеткендей тоокторубуз жана тамак-ашыбыз бар" деп айтышты. Бирок арт жактан мени карап турган бир адамдын: "Камерага эч нерсе айтпагыла" деп айтып жаткан үнү угулат. Жанагы эле аялдар: "Бизде жаман нерсе айталы деген оюбуз жок. Коркпо, жакшы гана сөздөрдү айтабыз. Эмнени айталы?" деп жатышат.

Президенттин кеңсеси режиссерго саясый эмес жүйө менен кайрылган адамдар жөнүндө тартууну сунуш кылышкан. Ал эми президентке келген каттардын көбүндө адамдар өкмөттөн жардам сурашат, дейт Лум: «Кат жазгандардын көбү экономикалык көмөк сурагандар. Фильмде өтө күчтүү бир окуя бар. Бир киши президентке кат жазып, бир үйүр кой сатып алууга кредит берүүнү сурайт. Бийликтер бизге ушул сындуу көптөгөн каттарды сунуш кылышты. Биз аларды албадык. Алар ата-энеси үйлөнүүгө уруксат бербеген 16 жаштагы эки уландын жардам сурап президентке жазган катын көрсөтүштү.»

Петр Лумдун айтышынча, канчалык цензура болбосун Иранда диниятчылар орноткон режимди жаштар жек көргөнүн далилдеген кадрлар тасмада бир топ. Мисалы: «Өлкө жаштары, айрыкча Тегерандын жаштары - кырдаалга канааттанбагынын сиз фильмден да байкайсыз. Биринчиден, жаштар режимди жек көрүшөт. Экинчиден, эл азыр экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирип жатат. Мен түрдүү бийлик адамдары менен жолугушуудан аларда Иранды душмандар курчап турат, Иран узак мезгилдер бою кордолуп келди, биздин да өз ар намысыбыз бар деген ишенимде экенин, башкаларга шектенүү жана ишенбөөчүлүк менен карашканын байкадым», дейт Петр Лум.

XS
SM
MD
LG