Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Нарын облусунда ветеринардык адистердин камсыздалышы 25 пайызды түзөт


Нарын облусунда 284 миң 854 малдын башы эсептелинген. Мынча малды тейлөөгө 1008 ветеринар адистери талап кылынат. Учурда облуста жалпысы 257 гана мал доктур эмгектенүүдө. Облустагы 63 айыл округдарда жарым ставка менен бирден ветеринардык бирдик бар болсо, алардын алтоондо бөлөк адистеги адамдар иштешет. Ал эми калган 57 мал доктурдун төртөө гана жогорку билимдүү болуп саналат. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери Нарын облусуна бир дагы жогорку билимдүү ветеринар келген эмес. Мындай маалыматты Нарын аймактык малдардын ден-соолугун көзөмөлдөөчү бөлүмдүн жетекчиси Жалил Алымкулов билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG