Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Апта: Журналистке чабуул, жээктешкен бийлик-оппозиция


Президент Курманбек Бакиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда оппозиция менен жолугушууга даярдыгын билдирди.
Президент Курманбек Бакиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда оппозиция менен жолугушууга даярдыгын билдирди.

Өтүп бараткан жумада журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол мыкаачылык менен кол салынды. 11 өлкө менен база боюнча келишим бузулду. Оппозиция бийлик менен сүйлөшүү үчүн делегациясын дайындады.

Журналисттин өмүрүнө кол салуу

3-мартта кечинде “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге кол салуу болду. Белгисиз адамдар анын 21 жерине бычак уруп, колун, мүрүн талкалап, сындырып кетишти.

Учурда Сыргак Абдылдаев Бишкектеги №4 ооруканада дарыланып жатат. Анын дарыгери Рамис Усенбаевдин айтымында, Абдылдаевдин өмүрүнө коркунуч жок. Бирок ага кошумча операциялар талап кылынат.

“Репортер Бишкек” гезитинин уюштуруучусу Султан Каназаров Сыргак Абдылдаевге кол салуунун максаттары тууралуу мындай ой бөлүштү:

-Мениче, бул биринчиден биздин редакцияга, андан кийин Кыргызстандагы журналисттерге президенттик шайлоонун, оппозициянын акцияларынын алдындагы белги. Мына мындай болот деген ишаара. Бул нерсе сөзсүз түрдө саясат менен байланыштуу, деген Каназаров ал дагы өзүнүн коопсуздугунан чочулап жатканын, ошондуктан милицияга кайрылып, жанына тапанча алып жүрүүгө уруксат алууну көздөп жатканын кошумчалады.

.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов журналистке кол салуунун мотивдери ар түрдүү болуш мүмкүн дейт:

- Мен болжолдоп айтканды билбеймин. Материалдар колдо болсо, ошолордун негизинде бирдемке айта алат элем. Бул жерде мотивдер көп болушу мүмкүн. Жалаң эле саясат менен чектелбеш керек. Бирок саясат да болушу мүмкүн. Башка версиялар да каралыш керек. Муну эми иликтөө жүргүзүп жаткан укук коргоо органдар билсе керек.

Расмий бийлик тараптан Сыргак Абдылдаевге кол салууга көңүл бурулгандай болду. Президенттин катчылыгы билдирүү таратып, анда кол салуу айыпталды. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев тергөө иштерин жеке көзөмөлүнө алаарын жарыялады.

Бирок коомчулук журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө тынчсызданууда. “Журналист” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, өткөн жылы журналисттерге ушундай кол салуунун беш фактысы катталган. Дагы беш журналист саясий баш паанек сурап, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Оппозициялык партиялар журналистке кол салууну кескин айыптап чыгышты. Алар кылмышкерлерди тезинен таап, жазалоо талаптарын коюшту. Кыязы, Сыргак Абдылдаевге кол салуудан кийин журналисттердин коопсуздугу, аларды куугунтуктоо маселеси бийлик менен оппозициянын болжолдонуп жаткан жолугушуусунда негизги темалардан болот.

Оппозиция бул маселени козгоорун “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирген:

-Массалык маалымат каражаттарына көргөзүлүп жаткан куугунтук, аларды камап, гезиттерди жоюп, каналдарды жаап, оппозициянын өкүлдөрүн улуттук каналдардан эч көрсөтпөй, бир жактуу маалымат жөнүндө айтылат. “Азаттыкты” куугунтуктап, аларды чыгарбай жатканы да козголот.

Бийлик менен оппозиция сүйлөшүүгө камынууда

Эки тарап сүйлөшүүгө 5-6-мартта отурат деген божомол болгон. Бирок азыркы кезге чейин жолугушуунун күнү, орду аныктала элек. Президент Курманбек Бакиев 3-мартта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда оппозиция менен жолугушууга даярдыгын дагы бир ирет тастыктады.

Оппозиция өз кезегинде бийлик менен сүйлөшүү үчүн курамына Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Топчубек Тургуналиев, Иса Өмүркулов кирген топту түздү. Эки тараптын сүйлөшүүсүнө ортомчулук кылуу Акыйкатчы Турсунбек Акунга, аксакалдар Ишенбай Абдуразаков, Миталип Мамытов, Омор Нарбековго, Турсунбек Чыңгышевге жүктөлдү.

Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө талкуулана турган маселелерди аныктоо үчүн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов, президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная менен жолугушкан. Мына ушундай жолугушуулар натыйжасында эки тарап энергетика, коррупция, жаңы салык кодекси жана саясий куугунтук боюнча сүйлөшүүнү белгилеп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, оппозиция сүйлөшүүгө келе турган бийлик тараптын тобун өкмөт башчысы Игорь Чудинов жетектөөсүн, ага күч структураларынын жетекчилери киришин каалап жатат. Оппозиция ошондой эле саясий куугунтукту токтууну негизги маселе катары коюну көздөп жатат.

Оппозиция өкүлдөрү бийлик менен сүйлөшүү даярдыгын билдирген менен, анын натыйжалуу болооруна азыртан эле күмөн саноодо. Мына ошондой күмөнүн Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирген. Оппозициялык алдыңкы саясатчылардын бири Темир Сариев да бийлик оң кадам жасаарына ишене бербейт:

-Бийликтин кандайдыр бир кадамдарга барарына мен ишенбеймин. Бирок биз үмүт кылып, эгерде сүйлөшүүгө отуруп, биз койгон талаптарды аткарса, андан кийин экинчи кадам коюлат деп жатабыз.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов сүйлөшүүлөр натыйжалуу болооруна ишене бербейт:
- Мен ойлоймун, мунун жыйынтыгы болбойт. Бири-бирин укпайт. Же болбосо угумуш гана болот. Ошондуктан жыйынтык чыкпайт. Анткени бул бийлик шайлоого барабыз, биз утушубуз керек, элдин эркин тебелесек да бийликти алабыз деген пикирде турушат.

Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүгө даярдыгын оң баалагандар бар. Саясат таануучу Марс Сариев эки тараптын мындай даярдыгын саясатчылардын деңгээлинин өсүшү менен байланыштырат:

-Мен ойлоймун, оппозиция дагы, бийлик да цивилизациялашкан саясатчылар деңгээлине жетип, башка чоң өлкөлөр “оюнга” кошулуп кетсе кырдаал курчуп кетип, башкарууга мүмкүн болбогон жараяндар башталып кетерин түшүнүп жатышат. Ошон үчүн Кыргызстандын келечегин ойлоп, маселени чечели деп жатышат деп ойлоймун. Биздин саясатчылардын деңгээли азыр бийик, алар кесипкөйлөр да.

Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү болжолдонуп жаткан менен оппозиция марттын аягына белгиленип жаткан нааразылык акциясынан баш тарткан жок.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, алар акциядан баш тартышпайт:

-Ал белгиленген нерсе. Ал өзүнүн жолу менен кете берет. Марттагы акцияны кайсы күнгө белгилөө кийинки жыйында каралат. Ошону так айтып элге жарыялайбыз. Ал боло турган нерсе.

Мына ошону тастыктагандай 5-6-мартта Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Анвар Артыков Ош облусунда болушту. Оппозиционерлер менен жолугушууга Алай районунда 2 миңдин тегерегинде эл келген. Ал жолугушуу тууралуу Исмаил Исаков буларды маалымдады:

-Абдан көп адамдар келип, анда кайрылуу кабыл алышты. Ошону жеткирүүнү мага тапшырышты. (Президентке) кайрылууда саясий куугунтуктарды тезинен токтотуу талабы коюлду. Эгерде токтотулбаса, Бириккен Элдик Кыймылдын бардык аракетин толугу менен колдоп, таза бийликти орнотуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз деген сөз айтылды.

Айта кетүүчү нерсе, Исмаил Исаковго байланыштуу сот иши 10-мартта башталары белгиленген. Мурунку коргоо министри, коопсуздук кеңештин катчысысына аскердик майрамдарды уюштурдуң, Балыкчыда аскердик бөлүктө автомашина жоголду деген айыптар коюлууда.

Аргасыз сыпайылыктын артында эмне бар?

Ошентип, бирин-бири “жыра” тартуудан кайра тартпай турган бийлик менен оппозиция сырткы “кооздукту” сактоо максатында (сүйлөшүүгө барбады деген айыпка калбаш үчүн) сүйлөшүүгө даярдай түр көрсөтүүдө. Бирок эки тараптын компромисси өлкөдө коопсуздукту сактоо гана болбосо, бийлик бөлүштүрүү, саясий системаны өзгөртүү боюнча бир пикирге келиши дээрлик мүмкүн эмес.Бийлик өзүнө ылайыктуу саясий системаны куруп алып, кезектеги негизги максат катары президенттик шайлоодо кандай болбосун жеңишти камсыз кылууну самап, ошол багытта баратат. Бул учурда Кумтөрдөгү коррупциялашкан келишимдер сакталып, энергетикадагы Акаевдин убагынан берки кадрлар, схемаларга таяныч жасалып, тармак кризистин кучагында калды. Азыркы мезгилде да ал схемалардан бийлик ажыроону ойлоп койгон жери жок.

Би-Би-Сиден берилген бир жактуу эмес белги

3-мартта Курманбек Бакиев Би-Би-Си корпорациясынын журналистерине интервью берди. Анда кыргыз президенти АКШ менен Ооганстан боюнча кызматташууга даярдыгын билдирди. Президенттин мына ошондой билдирүүсүнө жараша "Манастагы" базасы жабылбай калышы мүмкүнбү деген суроо берилип, ага Курманбек Бакиев мындай жообун берген:


-Азыркы мезгилде сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан жок. Бирок, менин айтаарым,эшик жабык эмес. Биз Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча АКШы өкмөтү сунуштай ала турган бардык варианттарды кароого даярбыз.Ал кандай түрдө, кандай форматта болот? Аны аныктоо үчүн сүйлөшүүлөр керек. АКШ өкмөтү андай сүйлөшүүгө даяр болсо, биз даярбыз. Кандай шартта, кандай форматта, кандай түрдө болоорун талкуулашка даярбыз. Бирок, албетте, азыркыдай натыйжаларга алып келген мурунку форматтагыдай болбойт.

Кыргыз президентинин бул сөзү дароо эле Кыргызстан АКШ базасын калтырууга даяр экен түкшүмөлдөрдү жаратып жиберди.

Буга байланыштуу президенттин маалымат кызматы түшүндүрмө берип, базаны жабуу боюнча чечим өзгөрүлбөсүн тастыктоого аргасыз болду.

Курманбек Бакиевдин база боюнча сөзү Москвада да кандайдыр тынчсызданууларды жараткан шекилди. Мына ошол шектенүүлөрдү жоюу үчүн расмий Бишкек парламент аркылуу тез жана шашылыш кадамдар жасады.

Жогорку Кеңеш эки күндүн ичинде АКШ менен кошо Манаска аскер жайгаштырган 11 өлкө менен келишимдерди денонсациялады. Кыргыз өкмөтү ал келишимдерди жокко чыгарууну парламентке 11-февралда жолдогон. Бирок, буга чейин ал создуктурулуп, парламенттин комитеттери белгиленген күнү карабай калган учур да болгон эле.

Бирок президенттин 3-марттагы интервьюсу өзгөчө орус маалымат каражаттарында эки анжы ойлорду, шектенүүлөрдү жараткандан кийин өтө ылдам чечимдер кабыл алынды. 5-мартта парламенттин комитеттери келишимдерди денонсацияласа, аны 6-мартта Жогорку Кеңеш колдоп берди.

Парламентте бул маселени талкууда социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева гана каршы пикирин айтып, президенттин тышкы саясатына эң төмөн баа берерин билдирди:

-Бүгүнкү күндө Ооганстадагы абалды жөнгөрүүгө салым кошууга бардык өлкөлөр аракеттенип, өзүнүн ордун таап жатат. Мындай шартта биздин четте калып жатканыбыз өтө кейиштүү. Мен азыркы президенттин тышкы саясатына эки деген баа коюш керек деп ойлоймун.

Тескерисинче коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев коллегаларын денонсация менен куттуктап чыкты.

Мына ошентип Кыргызстан АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлерин чыгаруу маселесин чечти. База боюнча акыркы чечимдер кайсы бир деңгээлде символикалуу гана мүнөзгө ээ. Анткени АКШ менен база боюнча келишим бузулгандан кийин анын тагдыры чечилген. Себеби калган 11 өлкөнүн "Манаста" ири базаны кармап турууга чамасы чакталуу экени маалым.







  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG