Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

М.Конгантиев: Биз козгогон иштерде саясат жок


16-мартта М.Конгантиев оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштер тууралуу маалымат бердип, күч органдары козгогон кылмыш иштерде саясат жок экенин билдирди. Бириккен оппозиция 10-мартта бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда саясий куугунтукка байланыштуу 26 суроо койгон болчу.

Молдомуса Конгантиев менен кошо маалымат жыйынына Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов, финансы полициясынын башчысы Акимжан Муйбиллаев, коррупциянын алындан-алуу боюнча агенттиктин башчысы Садырбек Жапаров катышты.

Алар бийлик менен оппозициянын 10-марттагы жолугушуусунда оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтукка байланыштуу 26 суроо койгонун, аларга эки тараптын жолугушуусунун экинчи айлампасында жооп бериле турган болгонун, бирок оппозиция сүйлөшүүгө келбей койгондуктан жооптор маалымат каражаттары аркылуу берилип жатканын билдиришти.

Эң оболу оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштерде бир да саясат жок экени белгиленди. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримов оппозиция менен сүйлөшүү жүрүп жатса да, жүрбөй жатса да тартип коргоо органдары мыйзамдуулукту, тартипти коргоо багытында ишин уланта беререрин билдирди:

-Козголгон кылмыш иштерди токтотуп коюуга болбойт. Мыйзам алдында баары бирдей. Айыбы болсо сотко барышат. Мына Аликбек Жекшенкуловдун убагындагы ТИМдин имаратын оңдоо боюнча, ал иш сотко кеткен. Азыр Биринчи май райондук сотунун кароосунда турат. Исмаил Исаков боюнча иш да бүткөн. Сотко жиберилген. Күнөөсү жок болсо иш кыскарат. Күнөөсү болсо сотко жөнөтүлөт. Мыйзам боюнча болот. Бул жерде саясат жок да.

Ал эми ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Аликбек Жекшенкуловго карата козголгон кылмыш ишке токтолду:

-Талас облусунда Четин Сервет деген түрк жараны атып өлтүрүлгөн. Ошонун өлүмүнө ушул (Жекшенкуловдун тапанчасы) курал колдонгонун экспертиза далилдеп чыгууда. Жекшенкуловдун баласы Беккул издөөдө жүрөт. Анын камакка алууга санкция бар. Эми суроо туулуп жатат Жекшенкуловдун куралынан Таласка барып, түрк жаранын ким аткан деген? Бул жерде кандай саясат мен түшүнбөймүн.

Ушундай эле маанидеги жооп азыркы мезгилде соту жүрүп жаткан Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго байланыштуу кылмыш иш боюнча да берилди. Бул жерде да эч кандай саясат жок. Баары мыйзамдуулукту орнотуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш катары аталды.

Маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбековдун өткөн жылы сентябрь айында дайынсыз жоголгон уулу Бактияр Амражановду уурдап кетүүгө шектелген адамдар Москвдан кармалганын, Бишкекте да шектүү адамдарга издөөлөр жарыяланганы айтылды. Министр Конгантиевдин айтымында, Москвда кармалган шектүү адам Кыргызстанга алынып келингенде, Жээнбековдун уулунун жоголушу боюнча иште алдыга жылуулар болот.

Ал эми Руслан Шаботоевдун жоголушуна байланыштуу шектүү адамды кармоо аракети Алматыда жүрүп жатат. Ал шектүү адам кыргыз атуулу.

Министр Конгантиевдин сөзүнө караганда, журналист Сыргак Абдылдаевдин сабалышында саясат эмес, кылмыш чөйрөсүнүн тиешеси бар:

-Бул маалымат каражаттарын кысымга алуу эмес. Мен муну криминал менен байланыштырып жатам. Мен эмес тергөөчүлөр ушундай жыйынттыкка келип жатат. Бүгүнкү күндө бизде эки фоторобот бар. Бул иш боюнча жакында кармоолор болот. Мен буга убада берем. Мына ошондо Сыргак Абдылдаев эмнеге сабалганын билебиз.

Маалымат жыйынынын соңунда 27-мартка белгиленген оппозициянын акциясы учурунда тартип коргоо органдары мыйзамдуулук, тартип жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык мыйзамга ылайык чараларды көрөрү белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG