Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

БЭК: Оппозиция толкуну түрүлүп келатат


Оппозициялык күчтөр 27-мартта бүтүн өлкө боюнча өтө турган каршылык акциясына даярдык көрүүдө. БЭК коюп жаткан максат - бийликти кулатып, убактылуу өкмөт түзүүгө жетишүү.

Штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун төрагалыгында 14-мартта өткөн БЭКтин улуттук кеңештин жыйынына мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова дагы катышып, жыйында козголгон маселелерге көңүл буруп отурду.

Жыйында БЭКке мүчө 12 партиянын жер жерлердеги уюмдарынын 27-мартта өтүүчү жалпы республикалык митингге даярдыктарды күчөтүүнү, эгерде жалпы эл колдоп бийликти мөөнөтүнөн кетирсе, убактылуу өкмөт түзүү боюнча иш планды тездетүү маселеси айтылды.

БЭКтин алдыдагы иштери тууралуу штаб башчысы Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

-Улуттук кеңешке өткөндөгү саясий бюронун чечимдерин расмий түрдө билдирдик. 27-мартта саат 11де Кыргызстандын бүткүл аймагында саясий нааразылык акциясы башталат деп. Ошондуктан жер-жерлерге иштөө тартибин айттык. «Бардыгыбыз бирдиктүү аракет жасасак, бири-бирибиз менен байланышта болуп турсак»,-деген талаптар коюлду. Маалыматтарды биздин штабдан алып турушат. Дүйшөмбүдөн баштап штаб күнү-түнү иштейт.

Жыйынга катышкан саясий партиялардын, жарандык уюмдардын өкүлдөрү нааразылык акциясын баштаардан мурда өз ара биримдикти күчөтүүнү, тагылган милдеттерди так, өз убагында аткарууну, тартипти катуу сактоону айтышты.

Ошондой эле алдыдагы саясий иш чаранын максаты, өлкөдөгү кырдаал, саясий куугунтуктар, жол кырсыгы сыяктуу окуя тууралуу алдын ала эл аралык уюмдарга, элчиликтерге маалымат берүү, ЕККУ, АКШ, Германия, Франция сыяктуу батыштын жана коңшу өлкөлөрдүн элчилири менен сүйлөшүү керектигин белгилешти. Митинг учурунда бийликтин чагым салуусунан сак болуп, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолушту.

БЭКтин лидерлеринин бири Исмаил Исаков мамлекеттик ишкана-мекемелердин, райондун акимдерин эл менен бирге болууга чакырып, "Ажыдаар - криминалдык бийлик кийин силерди дагы камайт",- деп түшүндүрүп, жөндөн-жөн эле калктын кыжырына тийбөөсүн эскертүү керек деди.

БЭКтин активдүү мүчөсү Топчубек Тургуналиев эгерде элдин талабы, толкуну катуу болуп, бийлик экс-президенттей болуп ак үйдү таштай качса, буга чейин козголуп келаткан убактылуу өкмөт түзүү маселесин тез арада карап, алдын ала пландарды бекитүүнү сунуштады.

Жыйын соңунда мурдагы вице-премьер министр Элмира Ибраимова «Ак жол» партиясы өз ара сүйлөшүп жатышканын, анын жыйынтыгын жакын арада айтарын кыскача маалымдады. Бирок анын БЭКтин жыйынына эмне максат менен келгени, «Ак жол» партиясынын айрым мүчөлөрүнүн БЭКке кошулуу ниети барбы же жокбу, «ак жолчулар» өз ара эмне маселе боюнча сүйлөшүшөт, бул суроолорго жооп ала алган жокбуз.

«Адилет клиникасынын» жетекчиси Чолпон Жакупова жыйырмага чукул жарандык коомдордун өкүлдөрү саясий куугунтуктун күчөгөнүнө, 13-марттагы Койташ тараптагы жол кырсыгына окшогон окуялар кооптонуу жаратып жатканын Бириккен элдик кыймылдын лидерлери менен жолугушууда билдиришкенин маалымдады.

Анын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү 17-мартта ак үйдүн жанында шам күйгүзүп Аксы окуясында курман болгондорду эскерип акция өтөрүшөт. «Андан кийин 24-мартта ыңкылапка аза күтүү акциясы өтөт. Себеби президент К.Бакиевдин элге берген убадалардын аткарылбаганына жарандык коомдордун өкүлдөрү нааразы болушууда», дейт Жакыпова.

«Интер билим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева болсо ондон ашык бейөкмөт уюмдун жетекчилери дагы 27-мартта болчу нааразылык акциясына катышаарын билдирди.

Жогорку Кеңештеги Ак жол фракциясынан депутат Табылды Орозалиев жакында эле эл арасында болуп келгенин, оппозицияны жалпы калк арасында колдоо болбостугун билдирди. Анын айтымында, оппозициянын арасында жогорку кызматтарда иштеп жүрүп, кызматтан бошогондон кийин жеке таарынычтарынан улам бийликке каршы чыгып жатышканын элдердин басымдуу бөлүгү билет:

-Жөн эле курулай эле эфирге чыгып алып эле «эл бизди колдоп атат, эл биз тарапта болуп жатат»,- деген курулай сөздөрдү колдонбосо. Эл деле угуп турат да. Алардын арасында «оппозицияны ким эле колдоп жатыптыр, алар ким»? деген көз караш жаралыптыр.

Бийлик өкүлдөрү, айрым саясатчылар оппозициянын 27-мартта нааразылык акциясын өткөрүүгө негиз жоктугун, алардын мындай аракети коомдо туруксуздукту жаратарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG