Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Э. Каптагаев: Садыркулов бийликке коркунуч туудура баштаган


М. Садыркуловдун өлүмү табышмак бойдон калып, коомчулукта ар кандай жоромолдор айтылууда. Бул окуяны саясий себептер менен байланыштырган мындай божомолдорго канчалык негиз бар? “Азаттыктын” ушул өңүттөгү суроолоруна бул кырсыкка кабылаардан бир күн мурда маркум менен сүйлөшүп калган “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев жооп берди.

- Эмилбек мырза, сиздин оюңузча, бул окуянын артында саясий себептер бар, бул атайлап уюштурулган деген божомолдорго канчалык негиз бар?

- Бул окуя боюнча мен ошол 13-мартта эле билдирүү жасап чыккам, бул саясий буйрутма, Медет Садыркулов киши колдуу болду деп. Анткени азыр бийлик тарабынан, атайын кызматтар тарабынан ошол жол кырсыгы болду дегенден башка версияны карабай атышпайбы. Эч кандай иликтөө иши жүргөн жок, жүрүп атса да коомчулукка белгисиз. Жөнөкөй адамдар да ишенген жок, турган машинени айдоочу жагынан келип эле бир машине сүзсө өрттөнүп кетти дегенге. Машине өрттөнүп кетиши үчүн канча убакыт керек, баары эле билет. Канча автоунаалар мындан жаман кырсыкка кабылып атат, ала-салып кетип атышат, өрттөнбөй эле турбайбы. Эми мынчалык деңгээлдеги мамлекеттик, коомдук-саясий ишмер өлүп аткандан кийин бул фактор биринчи орунга коюлуп иликтениши керек эле да. Азыр эми бул окуя боюнча толтура суроо болуп атпайбы...

- Медет Садыркулов чын эле кимдир бирөөлөр үчүн кооптуу, коркунуч туудура турган фигура беле?

- Медет Садыркулов 1991-жылдан бери бийлик системасында жалаң уюштуруу жагында жүргөн. Биринчиден, ал киши өлкө саясатынын оң-тетирисин бүт билчү. Экинчиден, азыркы бийлик жасап аткан иштердин баарын аңтарасынан өйдө билчү. Анан абдан ишмер, уюштургуч болчу. Мына акыркы парламенттик шайлоодо эле Бакиевдин бийлигин бекемдегенге канча эмгек кылып берди. Устундай болуп тиреп берди да. Мен ошол кырсыктан мурда, 12синде жолуккам маркум Медет Садыркулов менен. Экөөбүз бир жарым сааттай сүйлөшкөнбүз. Ошондо ал: “Азыркы бийлик болбой калды, бул бийликтин келечеги жок, жакында чоң процесстер башталат, бул бийлик, заман өзгөрөт”, - дегендей сөздөрдү айткан эле. Азыркы саясат боюнча көп пикир алышкан элек ошондо. Ошого таянып, мен Садыркулов бийликке реалдуу түрдө коркунуч туудуруп калган деп айта алам.

- Сиз маркум Медет Садыркулов президенттик админстрация башчысы кызматынан бошогондон көп өтпөй позициясында кескин өзгөрүүлөр болгонун айтып жатасыз. Сиздин баамыңызда, андай өзгөрүүгө эмне себеп болгон?

- Мен муну ошондой анын өзүнөн да сурагам, эмне болду, бийликке аябай кызмат кылдың эле, мына баарыбызды (оппозицияны) кысмакка алдың эле деп. Чынында оппозицияга да көп каршылык кылган ушу киши болгон да. Менин мындай суроомо ал: “Мен Бакиевге ишенгем, биз бийликти бекемдеп, тартипти орнотуп мамлекетти өнүктүрөлү дегенге ишенгем. Анан булар чектен ашып кетти, тескери жакка кетти, мен болбойт десем түшүнбөгөндүктөн кетүүгө мажбур болдум”, - деди. Булар деп айтты, демек ал жалгыз президентти айткан жок. Экөөбүздүн ортобуздагы ачык сөз ушундай болду. Демек бул киши да өзү жасаган ишке кийин өзү өкүнүп, туура эмес болуп калганын сезгендей пикир айтты. “Мамлекет туура эмес жолго кетип калды, биз оңдошубуз керек дегендей” пикирди айтты да.

- Эми бул окуянын кандай болгонун учурда парламенттик комиссия, андан сырткары Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен комиссиясы иликтеп жатат. Ошол иликтөөлөрдөн калыс жыйынтык чыгаарына ишенесизби?

- Мен ишенбейм. Анткени мына парламенттик комиссия түзүүдө оппозициялык делген Социал-демократтардан эч кимди киргизбей коюшпадыбы. Ошончо эле акыйкат болсо калыс текшерели деп, киргизип коюш керек эле да. Эгер артында жаба турган, жашыра турган эч нерсе жок болсо эмнеден коркот?..
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG