Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Экинчи экспертиза да Медет Садыркуловдун курман болгонун ырастады


Медет Садыркулов, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси.
Медет Садыркулов, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулаймановдун 13-мартта курман болгондугу ДНК анализдердин негизинде аныкталганын Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бүгүн ырастады.

Бишкектеги “ДНК - технологиялары - Манас” жоопкерчилиги чектүү коомдун эксперттери мындан мурдараак Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза бюросунун бүтүмүн ырастаганын 10-апрелде Башкы прокуратура жарыя кылды.

- ДНК боюнча Москванын жыйынтыктары күйүп калган денелер М.Садыркулов, С.Слепченко, айдоочу К.Сулаймановго тийиштүү деп чыккан. Анан Бишкектикин да бүгүн алдык. Булар да ушундай эле жыйынтыкка келишти,- деп билдирди Башкы прокуратуранын Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримов.

13-мартта Аламүдүн капчыгайындагы өрттөлгөн машиненин ичиндегилер ким экендигин күч кызмат өкүлдөрү анализ жыйынтыктары чыкканча айтуу эртелик кыларын ырастап, бир айга жакын убакыт курман болгондордун аты-жөнү эскерилбей келди. Медет Садыркуловду дарылаган тиш доктурдун болжолу, машине ичинен табылган айрым буюмдар деле маркумдун кимдигин аныктоого негиз болуп бере албады.

Жол кырсыгы делинген кылмыштуу иштин бүдөмүк суроолору толтура экени парламенттик талкууда белгиленген, маалымдоо каражаттарында толгон-токой божомол-жоромолдорду жараткан. Учкун Каримов ушу тапта тергөө амалдары жасалып жатканын маалымдоо менен гана чектелди.

- Иш боюнча 18 экспертиза дайындалган. Тергөө боюнча аркыл экспертизалар бар. Ошолордун ичинде мына азыр 8 даяр болду, мына ушул 2 ДНК анализин кошкондо. 10 анализ азырынча бүтө элек. Биз азыр айрым экспертизага даярдык көрүп иштеп жатабыз. Алар да бүтөт. Тергөө аракеттери улантылууда.


Бир айга жакын убактан бери жакын адамынын табышмакту өлүмүнө ишенип-ишенбей, күйүткө малынып отурган Жакшылык Садыркулов экспертиза жыйынтыктары менен маркумдардын жакындарын маалым кылышканын айтты.

- Келип тааныштырды. Мен быяктамын, Медеттин үйүндөмүн.

Медет Садыркуловдун үй-бүлөсүнө жакын адамдардын бири, парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Галина Куликова маркумдун сөөгү 12-апрелде жерге берилерин “Азаттыкка” маалымдады.

- Аза жыйын жөрөлгөсү болбойт. Мамлекеттик комиссия түзүлбөйт. Үй-бүлө ушундай деп чечти. Сөөктү жерге берүү мусулмандык жөрөлгө боюнча жасалат. Эч кандай сөз, эч кандай сөз болбойт.

Медет Садыркуловдун сөөгү Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Байтик мүрзөсүнө жакындарынын жанына коюлмакчы.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин белгилүү коомдук-саясий ишмер деңгээлине көтөрүлгөн Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда жарык дүйнөгө келген. Тагдырдын жазмышына айла жок, анын курман болгон күнү да 13-мартка туш келип, эми минтип жерге берилгени турат.

М.Садыркуловдун кыйла жылдык өмүрү окутуучулук ишке арналган, университетти аяктаган соң 14 жыл медицина институтунда сабак берген. 1991-жылдан тарта жооптуу кызматка өтүп, эки ирет президенттик администрацияны жетектеген. Ошондой эле ал өкмөттүн аппарат башчысы, Салык инспекциясынын директору, Эсеп палатасынын төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

2009-жылдын 8-январында президенттик администрация жетекчилик кызматынан бошотулуп, бираз тыныгуудан соң башка ишке дайындалары кабарланган.

Бирок да бийликтин жогорку тепкичтеринде боло жүрчү белгисиз себептерден ал жүзөгө ашырылбай калып кетти. Маркумду өмүрүнүн соңку сааттарында көрүп, аңгемелешип калгандар анын позициясында кескин өзгөрүүлөр болгонун айтып жүрүшөт.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00


Тасма: Маркум Медет Садыркулов жана анын эки шериги набыт болгону жоромолдонгон жай жана кагылышкан унаалар тууралуу видео баян. 2009-ж., 19-март. MiT, SA.

Автоунаалар кагылышкан жай Аламүдүн капчыгайына кеткен тоо жолунун чет жакасында жайгашкан. Айрым оппозиция өкүлдөрү бул кайгылуу окуянын сыры катардагы унаа кырсыгынан да терең болушу ыктымал деп, үч кишинин өлүмүнүн чоо-жайын кылдат иликтөөнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG