Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Сомалилик каракчыларга карата күч колдонулду


АКШ президенти Барак Обама сомалилик каракчылардын барымтасында кармалган америкалык кемени куткарууда зарыл болсо күч колдонууну буйруган. Бул тууралуу АКШнын Борбордук аскер-деңиз командачылыгынын башчысы, вице-адмирал Уиллиям Гортни билдирди. Анын маалымдашынча, деңиз күчтөрү каракчыларга карата ок ачып, натыйжада үч каракчы өлтүрүлгөн. 8-апрелде сомалилик каракчылар Инд океанынын жээгинде америкалык жүк ташуучу кемени барымтага алган. Көп өтпөй кеменин экипажы качууга үлгүрүп, кеменин капитаны Ричард Филлипс каракчылардын туткунунда калганы кабарланган. Кечээ америкалык аскер-деңиз күчтөрү өткөргөн операциянын натыйжасында капитан Филлипс барымтадан бошотулуп, төрт каракчы камакка алынганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG