Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Акыйкатчынын кызматкери Ысык-Көл районунун акиминин ишине нааразы


Ысык-Көлдүн Бозтери айылындагы элдин чакыруусу боюнча Акыйкатчы институтундагы жеке менчик укук бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Авазбекова көлгө келди. Ал Аскар Акаев элге берген 58 гектар жердин дээрлиги «Ай булак» аттуу фирмага сатылып кеткенин ырастады. Жергиликтүүлөр 58 гектар жердин он гана гектары элге калганын адилетсиз деп атышат. Акыйкатчынын өкүлү Авазбекова бул маселе боюнча Ысык-Көл районунун акими Турусбек Мансуровду жетекчи катары элдин көйгөйүн чечүүгө жана нааразылык кырдаалды жайгарууга аракеттенбейт деп сынга алды. Укук коргоочу Авазбекова А.Акаевдин адвокаты Скрипкинадан ушул 58 гектар жерди кимге калтырып кеткенин билүү үчүн жолугушууга бара турганын «Азаттыкка» билдирди. (RB)

XS
SM
MD
LG