АКШнын автомобиль өндүрүүчү бул ишканасынын бүгүнкү жарыясына караганда, ал заводдордогу 21 миң жумушчу орунду 2010-жылга карата кыскартат жана “Понтиак” деп аталган маркасын чыгарууну токтотот. Бул -“Женерал Моторстун” өкмөттөн кошумча жардам алуу аракетинде компанияны реструктуризациялоо багытында көрүп жаткан олуттуу чарасы.
“Женерал Моторс” азыр өкмөттөн алынган 15,4 миллиард доллардык насыяга жашоодо жана өкмөттөн кошумча жардам алгысы келсе, ага компанияны реструктуризациялоо үчүн 1-июнга чейин мөөнөт берилген. Эгер реструктуризациялоо боюнча чаралар өкмөттү канаатандырбаса, компания банкротко кабылышы мүмкүн.
Ак үй өз билдирүүсүндө бүгүнкү чаралар “Женерал Моторстун” компанияны реструктуризациялоо аракетиндеги олутту кадамды чагылдырып турарын белгиледи.