Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы “Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөрдүн” ортосундагы жаңы шарттагы келишимди ратификациялоо” боюнча долбоорун карайт. Ошондой эле “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “2009-жыл боюнча республикалык бүджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү” боюнча мыйзам долбоору талкуулант. Отурумга өкмөт башчы Игорь Чудиновдун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)