Жалал-Абаттын Сузак районунда депутат Жусупжан Жээнбековдун уулунун жактоочулары ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кызматтан алууну талап кылышты. Аталган райондун жашоочулары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда ишкер Бактияр Амиражановдун жоголгонуна байланыштуу кылмыш ишти Курманбек Бакиев көзөмөлгө алганы менен депутат Жусупжан Жээнбековдун аталган уулу 8 айдан бери табылбагандыгына кабатыр болушту. Ички иштер министрлиги Амиражановдун табылбаганы тууралуу маалымат беребиз дегенден бери үч ай өттү, Буга чейинки жыйынтык чыкпагандыгына нааразы болгон сузактыктар тез арада Бактияр Амиржановду таап берүүнү талап кылышты, эгер аталган талаптар аткырлбаса Жалал-Абат-Көкарт жолун тосууну чечишти. (YA)