Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

ТүркПАнын кийинки жыйыны Кыргызстанда өтөт


Астана шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстан 2012-жылы бул жыйынды өткөрүүгө даяр экенин билдирди. ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Келдибеков ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн жетекчилерине өткөн жылда апрель-июнь айындагы окуяларда моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары төрага Азербайжан, Казакстан, Түркия парламенттеринин жетекчилерине 2012-2013-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлөрдү шайлоо боюнча сессиясында Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG