Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Жазгы айдап-себүүгө жер семирткич жетишсиз


Бул тууралуу айыл-чарба министри Төрөгул Беков парламенттин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан жазгы айдап-себүү иштери үчүн 200 миң тоннадай азот жер семирткичине муктаж. Бирок жыл сайын 100-110 миң тонна жер семирткич менен камсыз болуп келет. Бул жылы болсо Кыргызстанда 56 миң тонна гана азот бар. Бул жер семирткичтер таркатылып бүтүп, эми тартыштык маселесин чечүү үчүн Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG