Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Кыргызстан Индонезияда кармалган Сакеевага жардам көрсөтүү жолун издөөдө


Бул тууралуу "Биринчи" радиого берген маеги учурунда президент Роза Отунбаева билдирди. Бул маселе азыр тиешелүү органдарга тапшырылып, иликтенүүдө. Президент Кыргызстан жарандары кайсы жакта жүрсө да укугун коргоого муктаж болсо, ошондой жардамды алышы керек деген оюн айтты.

“Азаттык” кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезиянын Бандунг шаарынын аба майданында былтыр күзүндө маңзат менен кармалып абакка түшкөнүн, анын 17 жылга түрмөгө кесилиши ыктымалдыгын биринчи болуп жазган эле. Ушундан кийин акыйкатчы Турсунбек Акун бул маселени иликтөөнү жана мүмкүн болсо анын укугун коргоп, бошотуп алууга киришкен. Акун Кыргызстан жаранынын укугун коргоого чакырып президент, Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлигине жана Жогорку Кеңешке кат жолдогон.

Индонезияда маңзат менен кармалган кыргыз кызы Жибек Сакеева африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин ырастоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG