Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Президенттик шайлоого кетчү каражат дагы көбөйүшү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн БШКнын төрагасы Дамир Лисовский билдирди. Анын айтымында, чет жердеги жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу көп каражатты талап кылаарын БШКнын Орусия, Казакстанга барган өкүлдөрү тактап келишти. БШК төрагасы андан тышкары Шайлоо Кодексине киргизилген жаңы жоболорго ылайык тизмеде жок шайлоочуларды эми шайлоо комиссиялары кайра киргизе алаарын жана паспорту жок жаран айдоочунун күбөлүгү менен деле добуш бере алаарын кабарлады. Лисовскийдин айтымында, бир жакка кетип бараткан жаран шайлоого чейин тогуз күн мурун мөөнөтүнөн мурда добуш бере алат жана ал үчүн шайлоо комиссияларынан 15 күн мурун айрып алма талонун ала алат. (BD)

XS
SM
MD
LG