Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Кант цемент-шифер заводунун товары кымбаттады


Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттик койгон баа боюнча бир шифердин баасы 162 сом болду. Кошумча нарк салыгы менен соода салыгын кошкондо наркы мындан да жогору болуп, мурдагы баага салыштырмалуу 22 пайызга жогорулады. Монополияга каршы агенттиктин билдирүүсү боюнча, буга сырье материалдын баасынын 24 пайызга кымбатташы себеп болду. Ал эми бир тонна цементтин баасын агенттик салыктарды кошпогондо 2 миң 945 сом деп белгиледи. Бирок курулушчулар Кант цемент заводунун кожоюндары цементтин баасын атайылап көтөрүш үчүн ири курулуш ишканаларына сатпай алып сатарларга гана сатып жатат, ошон үчүн бир тонна цементтин баасы базарда 7 миң сомго чыкты деп жатышат. Жеке үй куруучулар мурда 230 сом турган 50 килограммдык бир мүшөк цементти азыр 350 сомдон алып жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG