Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Ө. Текебаев: Бийлик шайлоонун жыйынтыгын уурдайм дегени көрүнүп турат


Бириккен оппозиция бүгүнкү жыйынында президенттик шайлоого камылгаларды караганы жатат. БЭКке мүчө Социал-демократтар партиясынын фракциясы да шайлоо алдындагы кырдаалды өз жыйынында талкуулаганы турат. Ушул иш чаралардын алдында БЭКтин лидерлеринин бири, “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди түз ободо кепке тарттык.

- Президенттик шайлоонун жүрүшү боюнча оппозиция альтернативдүү маалымат берүүгө камданууда деген кабар тарады кечээ. Бул кандай жол менен ишке ашат, анын максаты эмнеде болуп атат?

- Максаты - мүмкүн болушунча шайлоону таза өткөрүп, андагы мыйзам бузууларды азайтуу. Экинчиси, эгерде мыйзам бузуулар болсо анан тереңдигине, анын масштабына Кыргызстандагы жана эл аралык жана коомчулуктун көңүлүнө буруу. Мисалы, Баткен облусу боюнча биз шайлоочулардын тизмесин өз алдынча авторитеттүү адамдардан турган коомдук комиссия менен кайра карап чыгып тактоо жүргүзсөк, Бужум деген айылда алдын ала жүргүзүлгөн тактоодо 45 пайыз шайлоочу ал жерде жок болуп чыкты. Анткени баарыбызга белгилүү, бул моюнга алынган факт - Баткен облусунда эмгек миграциясы абдан күчтүү. Өзгөчө жай айларында жумушка жарамдуу эр жеткен адамдардын жарымынан көбү облустун аймагынан сыртка чыгып кетет, жада калса республиканын аймагынан сыртка чыгат.

Ошого карабастан парламенттик, президенттик шайлоолордо 80ден 99 пайызга чейин шайлоочулар келип катышты дейт. Ошентип 40-50 пайыз дээрлик облуста жок адамдардын добушун бийлик өз пайдасына ыйгарып келген. Буга окшогон кубулуштар Баткенде эле эмес, Ош, Жалал-Абат облустарында да, өзгөчө тоолуу райондордо чоң. Биз тоталдуу түрдө ар бир участок боюнча тизмелерди текшерип чыгалбасак дагы белгилүү райондорду тандап алып, ушундай альтернативалык тизме жазабыз. Экинчиси, атайын сайт ачылган, ал сайтта бүгүндөн баштап ар бир участокто болуп жаткан мыйзам бузууларды жарыялап, видеого, сүрөткө тартып алып сайтка чыгаруу мүмкүнчүлүгү ачылды. Ал эми шайлоо күнү кайсы участокко канча адам келип добуш бергенин, кандай мыйзам бузуулар болуп атканын реалдуу убакытта болгонун ошол замат берип турууга мүмкүнчүлүгү ачылды.

- Өмүрбек мырза айтсаңыз, жанагы сиз айтып аткан шайлоочулардын тизмесиндеги айырмачылыктар боюнча расмий бийликке, же болбосо БШКга кайрылдыңыздарбы, далилдүү аракеттери болдубу?

- Алардын шайлоо тизмесине киргенин биз мыйзамсыз деп айта албайбыз, алар ошол жерде төрөлгөн, ошол жерде жашайт. Бирок алар азыр реалдуу түрдө Кыргызстанда жок, Орусия, Казакстанда жүрөт. Ал качан мыйзам бузуу болуп эсептелет? Качан 45 пайыз адам жок болуп турса, калган 60 пайызынын жарымынан бир азы эле шайлоого келет да, 100 пайыз келбейт. Ошондо шайлоого катышкандардын саны тизмеге киргендердин 30-40 эле пайызы болот. ал эми бизде 90 пайызга жеткирип, жокторго да добуш берип коет.

- Сиздерде мыйзамсыздыкка бөгөт коюу үчүн алдын-ала кандай аракет кыласыздар?

- Алдын ала мыйзам бузуулардын болгондугун дүңүнөн кыргызстандыктарга көргөзүү.

- Бүгүн БЭКтин жыйыны өткөнү жаткан экен, ал жерде негизги козголо турган маселелер кайсылар болуп атат?

- Алдыдагы президенттик шайлоонун экинчи этабына шайлоо комиссияларына талапкерлерди жылдыруу, байкоочуларды даярдоо, мына ушул багытта иштеп жаткан башка коомдук уюмдар менен карым-катнаш байлынышты күчөтүү. Бүгүнкү шайлоо этабына байланыштуу маселелер каралат.

- БЭК өзү канча байкоочу даярдады, баардык учатокторду камтый аласыздарбы?

- БЭК 2500 участокко шайлоо комиссиясына мүчөлөрдү жылдырабыз, байкоочуларды коебуз, жалпы жонунан 10 миңден 20 миңге жакын байкоочу жылдырсак деген ниетибиз бар.

- Бийликтеги сиздердин оппонентериңиздер оппозиция шайлоодо жеңишке жетүүнү эмес, шайлоодо чыр-чатак чыгарууну көздөп жатат деген дооматты айтып жатышат бизге берген интервьюларында. Шайлоодо жеңиштин натыйжалуулугун камсыздоонун башкы көзүрүн сиз эмнеден көрүп атасыз азыр?

- Бул элдин эрки, элдин сүрү. Болсосо бийлик бүгүн эле шайлоонун жыйынтыгын уурдайм дегени көрүнүп турат, бүгүн эле сот бийлигинен баштап участкалык милициясына чейин бир адамдын пайдасына иштеп атканын кыргыз эли Улуттук каналдан жана башка жагынан да көрүп отурат. Эртең эле райондон баштап республикага чейин чоңмун деп анча-мынча майлуу кызматта иштегендердин баары эрчишип өзүнүн айылдарына барат. Эл ушуга көңүл бурушун каалайм. Алар жөн барбайт тууган-уругун жыйнап кой союп, чай берип, мен десеңер добуш бергиле, болбосо эртең мени айдап жиберет деп барат, жыйынтыгын ошол жерде жатып алып камсыз кылып, бул жака отчет бергени келет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG